Кыргыз РеспубликасынынБАШКЫ ПРОКУРАТУРАСЫ

Бишкек-Ош жолуна асфальт төшөөдө Жол тейлөө ишканасынын жооптуу адамдары акча каражаттарын кымырып алышкан

Кара-Көл шаардык прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад филиалынын №30 Жол-тейлөө ишканасында текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүдө, аталган ишкананын жооптуу кызматкерлери кызмат абалдарын кыянатчылык менен пайдаланып, Бишкек-Ош автожолунун 392-396 чакырымында жолго асфальт төшөө жумуштарын аткарууда долбоорлоо-сметалык документтерде көрсөтүлгөн суммадан 3 млн 714 миң 582 сомго ашыкча жумуш аткарылгандыгы тууралу актыларды жасалмалашып, акча каражаттарын өзүнүн кызыкчылыктарына иштетип жиберишкендиги аныкталган. 

Ал эми, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаментинин №6 аймактык бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери тарабынан тиешелүү түрдө текшерилбей туруп аткарылган жумуштардын актылары кабыл алынып, натыйжада мамлекетке ири өлчөмдөгү зыян келтирилген. 

Бул факты боюнча прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергелүүдө.