Кыргыз РеспубликасынынБАШКЫ ПРОКУРАТУРАСЫ

Кылмыш тууралуу жарандардын арызын алуудан баш тарткан милиция кызматкерлери жоопкерчиликке тартылышты

Баткен областынын прокуратура органдары милиция кызматкерлери тарабынан жасалган кылмыш жөнүндө кайрылууну жашыруу фактыларын аныктады.

Алсак, 2022-жылдын 23-августунда Баткен шаарынын аймагында жайгашкан “Мазза” кафесине белгисиз атуулдар кирип, жалпы 5 400 сомдук садака кутучасындагы акча каражаттарын жана суусундуктарды уурдап, изин жашырып кетишкен.

Аталган кафени ижарага алып иштеткен М.А., 102 нөөмөт милиция бөлүмүнө кылмыш жөнүндө билдиргенде, тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге келип, бирок кылмыш жөнүндө арызын алуудан жана аны каттоодон баш тартуу менен кылмышты КБРне катташкан эмес.

Бул факты боюнча Баткен райондук прокуратурасы тарабынан кылмыш иш козголуп, тергөөнүн жыйынтыгында М.Ө., Ы.А. уулу жана Ы.Ж. аттуу милиция кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 377-беренеси (“Жасалган кылмыш жөнүндө арызды же кайрылууну каттоодон баш тартуу же жашырып коюу”) менен айыптары угузулуп, негизинен соттун кароосуна жиберилген.

Ошондой эле, Кадамжай райондук прокуратурасы тарабынан уюлдук телефон уурдоо фактысы боюнча кайрылган жарандын арызын кабыл алуудан баш тарткан милиция кызматкери Н.Б.га карата Кылмыш-жаза кодексинин 377-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен ага карата айыбы угузулуп, иш соттун кароосуна жиберилди.

Бул багытта областтык прокуратура тарабынан укук коргоо органдары менен жигердүү иштер жүргүзүлүп, ишеним телефонуна жарандардан түшкөн ар бир билдирүү боюнча ыкчам чаралар көрүлүүдө.