Кыргыз РеспубликасынынБАШКЫ ПРОКУРАТУРАСЫ

Электр тармактарындагы коррупция. “Түндүкэлектр” ААКнун кызмат адамдары камакка алынды

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан “Түндүкэлектр” ААКнун жооптуу кызмат адамдары электр энергиясына болгон дебитордук карыздарды мыйзамсыз баланстан чыгарышып, бул аракеттерден улам 39 млн сомдук зыян келтирген факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары “Түндүкэлектр” ААКнын башкы директорунун мурдагы орун басары Ж.Т.О., Панфилов району боюнча энергия сатуу бөлүмүнүн башчысы Б.Т.О. жана Бишкек шаары боюнча энергия сатуу бөлүмүнүн башчысы С.М.С. кармалышып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.