Кыргыз РеспубликасынынБАШКЫ ПРОКУРАТУРАСЫ

Жайыл райондук прокуратурасы тарабынан балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо багытында иш-чаралар уюштурулду

Балдардын укугун коргоо – мамлекеттин эң башкы милдеттеринин бири болуп саналат, мындай шартта прокуратура органдары балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо чөйрөсүндө негизги орунду ээлейт.  

Бул багытта, Жайыл райондук прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Зулушевдин “Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын 2023-жылдын март айында балдарга карата жасалган жана балдар арасындагы кылмыштуулукту болтурбоо жана алдын алуу иштерин күчѳтүүгѳ багытталган кошумча чараларды кѳрүү жѳнүндѳ” кѳрсѳтмѳсүнүн негизинде тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлдү.

Алсак, балдар тарабынан жана балдарга карата жасалган кылмыш иштер боюнча кылмыш-жаза сот ѳндүрүшүнүн тартиби туурасында башка укук коргоо органдарынын кызматкерлери райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилиги, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык ѳнүктүрүү жана миграция министрлигинин райондор аралык башкармалыгынын башчысы райондук Социалдык ѳнүктүрүү секторунун башчысы менен ыкчам кеңешме ѳткѳрүлдү.

Мындан сырткары, Кара-Балта шаарындагы мектептерде 9 - 11 класстын окуучулары менен жолугушуулар өткөрүлүп, кылмыштуулук, суицид, бангилик, аракечтик, чылым чегүү, балдар арасындагы рэкет, диний экстремисттик уюмдарга тартуу жана үй-бүлѳлүк зомбулукту алдын алуу, болтурбоо маселелери боюнча жолугушуу-лекциялары уюштурулду.