Кыргыз РеспубликасынынБАШКЫ ПРОКУРАТУРАСЫ

Кызыл-Кыштак айыл өкмөтү жер тилкелерди мыйзамсыз түрдө ижарага берген. Мамлекетке келтирилген зыян 21,7 млн сом

Ош областтык прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары 2020-2023-жылдары кызматтык абалдарынан кыянаттык менен пайдаланышып, муниципалдык менчикте турган жерлерди Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын бузуу менен ижара акыларын олуттуу өлчөмдө төмөндөтүшүп коммерциялык пайдаланууга ижарага беришкендиги аныкталган.

Ошондой эле,  ижара жөнүндө келишимсиз жана мыйзамсыз курулган бир катар коммерциялык объекттер боюнча мыйзамда каралган иш аракеттерди жүргүзүшпөгөн.

Натыйжада, мамлекетке жалпы 21 млн. 770 миң  сомдук зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча Ош областынын прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иш козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.