Жалал-Абад областтык прокуратура органдары тарабынан балдар арасында кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын өсүшүн азайтуу багытында күчөтүлгөн тартипте иш алып барылууда
Балдар арасындагы кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын өсүшүн азайтуунун жолдорун издөө жана профилактикалык иштердин натыйжалуулугун жогорулатуу бүгүнкү күндө коомдун алдында турган эң кечиктирилгис жана социалдык маанилүү милдеттердин бири болуп саналат.
Ушуга байланыштуу, Жалал-Абад областтык прокуратура органдары тарабынан, прокуратура органдарынын приоритеттүү багыттарынын бири болуп саналган балдар жөнүндө мыйзамдардын аткарылышына өзгөчө көнүл бурулуп, бул жаатта көзөмөлдүк иш-чаралар системалуу түрдө жүргүзүлүп келет.
Алсак, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 28.02.2023-жылдагы №2-к буйругуна ылайык, Жалал-Абад областынын Сузак, Ноокен, Чаткал, Ала-Бука, Аксы, Токтогул райондорунун жана Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Жалал-Абад шаарларынын прокуратуралары тарабынан, 2023-жылдын 1-мартынан 11-мартына чейинки аралыкта аталган аймактарда жайгашкан жалпы билим берүү мекемелеринин окуучулары, алардын ата-энелери жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен биргеликте жалпысынан 30 жолугушуулар өткөрүлүп, анда балдар арасындагы кылмыштуулуктун, өз өмүрүнө кол салуу фактыларынын, аракечтиктин, баңгиликтин жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууга жана болтурбоого багытталган темаларда кеңири лекциялар окулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Жалал-Абад областынын прокуратура органдары тарабынан мындан ары дагы бул багытта күчөтүлгөн тартипте иш алып барылат.