Кыргыз РеспубликасынынБАШКЫ ПРОКУРАТУРАСЫ

Талас областынын Кара-Буура, Бакай-Ата, Талас, Манас райондук жана Талас шаардык прокуратураларынын кызматкерлери мектеп окуучулары менен бир катар жолугушууларды өткөрүштү

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун “Балдарга карата жасаган жана балдар арасындагы кылмыштуулукту болтурбоо жана алдын-алуу иштерин күчөтүүгө багытталган кошумча чараларды көрүү жөнүндө” Көрсөтмөсүн аткаруу алкагында, Талас областынын Кара-Буура, Бакай-Ата, Талас, Манас райондук жана Талас шаардык прокуратуралары тарабынан областтагы бардык мектеп окуучулары жана алардын ата-энелери менен жолугушуулар өткөрүлдү.

Жолугушууларда, балдар арасындагы кылмыштуулук, суицид, бангилик, аракечтик жана үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу жана болтурбоо, кылмыш жасаган жана турмуштук оор кырдаалдын кесепетинен кылмыштуулукка барган балдардын себептерин аныктоо жана алардан укуктарын коргоо иштеринин камсыз кылынышы талкууланып, өспүрүм балдарга алардын мыйзам менен корголуучу укук-милдеттери тууралуу окуу-лекция өткөрүлүп, түшүндүрмөлөр берилди.

Ал эми, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына балдардын Кыргыз Республикасынын Конситуциясында, Кыргыз Республикасынын “Балдар жөнүндө” Кодексинде, “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамында жана башка ченемдик укуктук актылары менен корголгон укуктарын камсыз кылуу боюнча талаптар коюлду.

Жолугушууга 9-10-11 класста окуган мектеп окуучулары, мугалимдер, ата-энелер, тийиштүү мамлекеттик органдардын, ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жана дин өкүлдөрү катышты.