Кыргыз РеспубликасынынБАШКЫ ПРОКУРАТУРАСЫ

Свердлов районунун мектеп окуучулары менен жолугушуу өткөрүлдү

Бишкек шаарынын Свердлов районунун прокуратурасы тарабынан балдарга карата жасалган жана балдар арасында кылмыштуулукту болтурбоо жана баңгилик, суицид, үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алуу максатында Бишкек шаарынын Свердлов районунун аймагындагы мектептерде иш-чаралар өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун “Балдарга карата жасалган жана балдар арасындагы кылмыштуулукту болтурбоо жана алдын алуу иштерин күчөтүүгө багытталган кошумча чараларды көрүү жөнүндө” көрсөтмөсүнүн негизинде, Свердлов районунун прокуратурасынын кызматкерлери тарабынан балдардын мыйзам менен корголгон укук-милдеттери, кылмыштуулуктун, укук бузуулардын абалы, анын алдын алуу иштерин күчөтүү чаралары тууралуу мектеп окуучуларына маалымат берилип, мектеп рэкети, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук, балдар арасындагы аракечтик, баңгилик сыяктуу коомдогу болуп жаткан көйгөйлөрдүн алдын алуу жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жолугушууларда мектеп окуучуларына балдардын дене-бой, акыл эс, адептик жана руханий жактан өнүгүүсүн камсыз кылуу максатында тарбиялык мааниси бар видеоролик көрсөтүлдү.

Иш-чаралардын жүрүшүндө мектеп окуучулары менен алардын укук-милдеттери, кылмыш жоопкерчилигине тартылуунун курагы, жазасы жана жоопкерчилиги, зордук-зомбулуктун түрдүү кырдаалдарынан кантип чыгуу жана башкалар тууралуу суроо-жооп иретинде талкуу болуп, ар түрдүү маселелерге түшүндүрмөлөр берилди. Активдүү катышкан окуучуларга белектер тапшырылды.

Аталган иш-чараларга райондук прокуратуранын кызматкерлеринен сырткары, мектептердин жогорку класстарынын окуучулары, райондук билим берүү борборунун кызматкерлери, райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жана мектеп мугалимдери катышышты.

Бишкек шаарынын Свердлов районунун прокуратурасы тарабынан аталган багытта иштер улантылууда.