Кыргыз РеспубликасынынБАШКЫ ПРОКУРАТУРАСЫ

Кылмыштуулукту болтурбоо жана алдын алуу маселелери боюнча окуучулар менен жолугушуу өткөрүлдү

Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун талабына ылайык, Бишкек шаарынын №67 орто мектебинин окуучулары менен жашы жете элек балдар арасындагы кылмыштуулукту болтурбоо жана алдын алуу маселелери боюнча жолугушуу өткөрүлдү.

Анда шаардык прокуратуранын коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Д.Каимова окуучуларга прокуратура органдарынын системасы,  укуктук негиздери тууралуу айтып, кызыктырган суроолорго жооп берди.

Ошондой эле жолугушууда Бишкек шаарынын прокурору Н.Нишанбаевдин «Ачык эшиктер күнүнө» катышууга  чакыруу каты тапшырылды.

Мындан сырткары, аталган иш-чарада Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине караштуу финансылык чалгындоо Мамлекеттик кызматынын окуу-методикалык борборунун директору Л.Омурбекова жана методист С.Кольбаевалар лекция окушту.

Жолугушуу учурунда «Өспүрүм жана укук бузуу» аттуу темасында адвокат А.Кадырова окуу өтүп, анда кылмыш жоопкерчилигине тартуунун (жаш курак, жазанын чегерилиши жана жоопкерчиликтин түрлөрү) жалпы өңүттөрүн ачып берди.