Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан мектептердин директорлору жана алардын тарбия иштери боюнча орун басарлары үчүн окуу өткөрүлдү
Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун «Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын 2023-жылдын март айында балдарга карата жасалган жана балдар арасындагы кылмыштуулукту болтурбоо жана алдын алуу иштерин күчөтүүгө багытталган кошумча чараларды көрүү жөнүндө» көрсөтмөсүн аткаруу алкагында, Бишкек шаарынын мектептеринин директорлору жана алардын тарбия иштери боюнча орун басарлары үчүн «Жашы жете элек балдар арасындагы кылмыштуулукту болтурбоо жана алдын алуу маселелери " темасында окуу өткөрүлдү.
Окуунун максаты актуалдуу жана көйгөйлүү маселелер болгон жашы жете электердин арасында укук бузууларды алдын алуу маселелери боюнча борбордун муниципалдык мектеп мекемелеринин тарбия берүү бөлүгү боюнча жетекчилик курамды жана кызматкерлерди даярдоого, алар кийин бул багытта туруктуу негизде өз күчтөрү менен иш жүргүзүшүнө шарт түзүүсүнө багытталган.
Мындан тышкары жолугушуунун жүрүшүндө Баңгизаттарды контролдоо боюнча эл аралык комитеттин эксперти Т.Исаков «Балдар арасында баңгиликти алдын алуунун өзгөчөлүктөрү" темасында, мугалимдерге ар кандай деңгээлдеги (үй-бүлө, мектеп, коом) жашы жете электерге баңги каражаттарын жайылтуунун жана колдонуунун алдын алуунун негизги багыттары жөнүндө маалымат берди.
Окуунун жүрүшүндө балдарда үстүртөн активдүү затка көз карандылыктын пайда болушу жана ага жол бербөө процессине, аны жеңүү жолдоруна, ошондой эле баңгиликти алдын алуу процессин коштогон кыйынчылыктарга жана мифтерге тиешелүү ар кандай теориялык жана практикалык маселелер каралды.
Ошондой эле, бул иш-чарада Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын окуу-методикалык борборунун директору Л.Өмүрбекова жана методист С.Көлбаева өзүлөрүнүн лекцияларында бул темадагы сабактардын негизги максаты болуп окуучуларга кибер кылмыштуулуктун курмандыгы болуу коркунучу менен байланышкан негизги түшүнүктөрдү бекемдөө, сабаттуу каржылык жүрүм-турумду орнотууга негизделди.
Жолугушуунун жүрүшүндө жактоочу А.Кадырова "Өспүрүм жана укук бузуулар" темасы алкагында, кылмыш жоопкерчилигине тартуунун жалпы аспектилери: жаш курагы, мүмкүн болуучу жаза жана жоопкерчиликтин түрлөрүнө токтолду.
Иш-чаранын жүрүшүндө дискуссия уюштурулуп, анда мугалимдер суроолорду берип, өз байкоолору менен бөлүшүп, ал эми Бишкек шаарынын прокуратурасынын кызматкерлери жана эксперттер аларга жооп беришти.