Октябрь району: Прокуратура кызматкерлери мектеп окуучулары менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун “Балдарга карата жасаган жана балдар арасындагы кылмыштуулукту болтурбоо жана алдын алуу иштерин күчөтүүгө багытталган кошумча чараларды көрүү жөнүндө” көрсөтмөсүн аткаруу максатында, Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасынын демилгесинин негизинде, Билим берүү борбору, Үй-бүлөнү колдоо бөлүмүнүн адистери жана Октябрь районунун ички иштер башкармалыгынын коомдук коопсуздук кызматынын балдар иштери боюнча инспекциясы менен биргеликте 2023-жылдын 10-мартында Бишкек шаарындагы “Герман Гмайнер” атындагы окуу-тарбия комплексинин окуучулары менен жолугушу өткөрүлдү.
Жолугушууда 9-10-11 класстардын окуучуларына, жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту, укук бузуулардын абалы, анын алдын алуу иштерин күчөтүүнү, ошондой эле жаш өспүрүмдөрдүн мыйзамы менен корголгон укук-милдеттери жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, окуу лекциялары видеороликтер менен өткөрүлдү.
Ошону менен бирге райондук прокуратура тарабынан Октябрь районундагы башка мектептердин окуучулары арасында иш-чаралар улантылууда.