Ат-Башы району: Жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту болтурбоо жана алдын алуу иш-чарасы болуп өттү
Башкы прокурор К.Зулушевдин “Балдарга карата жасалган жана балдар арасындагы кылмыштуулукту болтурбоо жана алдын алуу иштерин күчөтүүгө багытталган кошумча чараларды көрүү” жөнүндөгү талабына ылайык, Ат-Башы райондук прокуратурасы тарабынан Ат-Башы районунуна караштуу 19 орто мектебинин окуучулары менен жолугушуу өткөрүлдү.
Анда жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту жоюу, укук бузуулардын алдын алуу иштерин күчөтүү чаралары тууралуу айтылып, жаш өспүрүмдөрдүн мыйзам менен корголгон укук-милдеттери жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, лекциялар окулду. Жолугушуунун соңунда, окуучулар тарабынан “Мигранттын баласы” аттуу спектакль коюлду.
Аталган иш-чарага жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилиги, дин кызматкерлери, ички иштер бөлүмүнүн башчысы, райондун эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башармалыгынын орун басары жана билим берүү бөлүмүнүн башчысы катышты.