Кыргыз РеспубликасынынБАШКЫ ПРОКУРАТУРАСЫ

Кадамжай району: Кылмыштуулукка жана зордук зомбулукка каршы иш-чара болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун көрсөтмөсүнүн негизинде, Кадамжай райондук прокуратурасы тарабынан жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун, укук бузуулардын абалы, анын алдын алуу иштерин күчөтүү чаралары боюнча маалымат берилип, ошондой эле мектеп рэкети, үй-бүлөлүк зордук зомбулук, өз өмүрүнө кол салуу, аракечтик, баңгилик, чылым чегүү сыяктуу коомдо болуп жаткан көйгөйлөрдүн алдын алуу жана жаш өспүрүмдөрдүн мыйзам менен корголгон укук-милдеттери жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Иш-чарага райондук мамлекеттик органдардын жетекчилери, жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын инспекторлору, дин кызматкерлери, ата-энелер, мектеп мугалимдери жана бүтүрүүчү класстардын окуучулары катышты. Иш-чаранын соңунда, окуучулар тарабынан «Кылмыштуулукка жана зордук зомбулукка каршыбыз” аттуу театрлашкан  спектакль коюлду.