Токмок прокуратурасы тарабынан балдар арасындагы кылмыштуулук, баңгилик, суицид, зомбулукту алдын алуу чаралары өткөрүлдү
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун “Балдарга карата жасалган жана балдар арасындагы кылмыштуулукту болтурбоо жана алдын алуу иштерин күчөтүүгө багытталган кошумча чараларды көрүү” жөнүндөгү талабына ылайык, Токмок шаардык прокуратурасы тарабынан уюштурулган “Балдардын көйгөйү – ата-энелердин жоопкерчилиги” темасында иш-чара өткөрүлдү.
Аталган иш-чаранын жүрүшүндө балдар арасындагы укук бузуулар, кылмыштуулук, суицид, баңгилик, аракечтик, чылым чегүү, жашы жете электер менен нике кыйуу, кыздардын эрте боюнда бүтүүсү жана үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу жана болтурбоо боюнча түшүндүрмөлөр берилип, дене-бой, акыл эс, адептик жана руханий жактан өнүүгүсүн камсыз кылуу багытында баяндамалар, лекциялар окулуп, тарбия тууралуу үч видео-тасмалар көрсөтүлдү.
Жолугушууда балдарды тарбиалоо милдеттерин аткарбо тууралуу ата-энелердин Кыргыз Республикасынын Укук бузуу жөнүндө жана Кылмыш-жаза кодеринин талаптарына ылайык жоопкерчилиги кеңири түшүндүрүлдү.
Иш-чарага Токмок шаарынын прокурорунун орун басары А.Тазабеков, прокурордун жардамчысы Н.Дюшеналиев, шаардык мэриясынын, ШИИБнин, социалдык коргоо, Жалпы дарыгерлер практикалык борборунун врач-гинекологу, Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгынын Токмок шаарынын имамы жана “Синергия” билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү катышты .