Кыргыз РеспубликасынынБАШКЫ ПРОКУРАТУРАСЫ

Мамлекеттик кызмат орундарын ээлеп турган адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жагында салык мыйзамдарынын сакталышы жана аткарылышы жөнүндө прокуратура органдарынын кызматкерлери үчүн онлайн семинар өткөрүлдү

Коррупцияга каршы жөнүндө билим берүүнүн жана прокуратура органдарынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуунун алкагында, 2023-жылдын 10-мартында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын прокурордук-тергөө кызматкерлерин кесиптик даярдоо борборунун базасында мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жагында салык мыйзамдарынын сакталышы жана аткарылышы жөнүндө республиканын прокуратура органдарынын кызматкерлери үчүн онлайн семинар өткөрүлдү.

Семинар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын инспекторлорунун катышуусунда өтүп, аталган мыйзамды талкуулоодо төмөнкү маселелерге өзгөчө көңүл бурулду:

- Декларацияны каттоонун формасы, аны толтуруунун тартиби, берүүнүн мөөнөттөрү жана ыкмалары;

- Кирешелер жана чыгымдар жөнүндө маалыматтарды бербегендиги үчүн мамлекеттик кызматчылардын жоопкерчилиги.

Декларациялоо кампаниясынан жүрүшүндө коррупциянын көрүнүштөрүнүн алдын алуу максатында Башкы прокуратуранын прокурордук-тергөө кызматкерлерин кесиптик даярдоо борборунун жана коррупцияга каршы күрөшүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан угуучуларга “Прокуратура кызматкеринин кесиптик этикасы», «Кызыкчылыктардын кагылышын аныктоо жана анын алдын алуу” темаларында лекциялар окулду.

Борбордун директору А.Молдобаев Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилигине жана жеке инспектор А.Кубанычбековага өз ара аракеттешүү жана кызматташуу үчүн ыраазычылык билдирди.