Кыргыз РеспубликасынынБАШКЫ ПРОКУРАТУРАСЫ

Башкы прокуратуранын кызматкерлери А.Кыдырмышов жана А.Бит-Аврагим ардактуу эс алууга чыгышты

Бүгүн, 2023-жылдын 6-мартында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын жетекчилиги жана жеке курамы Башкы прокуратуранын кадрлар башкармалыгынын прокурордук-тергөө кызматкерлерин кесиптик даярдоо борборунун улук прокурору, юстициянын полковниги Кыдырмышов Асаналы Бексултановичти жана Башкы прокуратуранын коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын улук прокурору, юстициянын полковниги Бит-Аврагим Атур Яковлевичти ардактуу эс алууга узатты.

А.Кыдырмышов прокуратура органдарына 1988-жылы кабыл алынып, эмгек жолунда кызматтык тепкичтерди басып өтүп, бир катар жооптуу жана жетекчилик кызматтарды аркалаган.

Ал эми, А.Бит-Аврагим 1987-жылы прокуратура органдарына кабыл алынып, кызматтык милдетин аткарууда Башкы прокуратуранын, Бишкек шаардык прокуратура органдарынын жооптуу кызмат орундарында үзүрлүү эмгектенген.

Башкы прокурор К.Зулушев ардактуу эс алууга чыккан кызматкерлерди прокуратура органдарынын ардагерлери болушу менен куттуктап, прокурордук милдеттерин ак ниеттүүлүк, жоопкерчилик менен аткарышкандыгын жана алардын эмгек жолу прокуратура органдарынын кызматкерлери үчүн үлгү экендигин баса белгиледи.

Прокуратура органдарынын жалпы жамааты ардактуу ардагерлерге мыйзамдуулукка кошкон салымы жана кызматына болгон берилгендиги үчүн ыраазычылык билдирет!