Манас районундагы №51 кесиптик лицейинин кызмат адамдарына кылмыш иши козголду
Талас областынын Манас райондук прокуратурасы тарабынан №51 Кесиптик лицейинде текшерүү жүргүзүлүп, аталган лицейдин кызмат адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышкандыгы аныкталган.
Лицейдин жооптуу кызмат адамдары 2021-2022 окуу жылына карата Кыргыз Республикасынын аймагында болбогон абитуриентти кабыл алышкан. Ошондой эле, сабакка катышуу табелдерине жалган маалыматтар киргизилгендиги аныкталып, окууга келбеген 3 студентке орто кесиптик билим тууралуу диплом берилген.
Бул факт боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-Жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды.