Кара-Суу районунда менчиктештирилип кеткен 28,3 млн сомдук айыл чарба багытындагы жер тилкелер мамлекетке кайтарылды
Ош областтык прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, 2016-2018-жылдарда Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагынын айыл чарба багытындагы жалпы аянты 0,55 га түзгөн жер тилкелер жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган.
Аталган жер тилкелерине мыйзамсыз берилген укук күбөлөндүрүүчү жана укук тастыктоочу документтерди жараксыз деп таап, жокко чыгаруу жөнүндө сот органдарына доо арыздар келтирилип, жыйынтыгында жер тилкесине тийиштүү документтер соттун күчүнө кирген актылары менен жараксыз деп табылган.
Төлөйкөн айыл өкмөтүнө келтирилген прокурордук чара көрүү актысынын негизинде баасы 28 млн. 325 миң сомду түзгөн айыл чарба багытындагы 0,55 га жер тилкеси Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн жер балансына кабыл алынып, муниципалдык менчикке кайтарылды.