Башкы прокурор менен соттордун атын жамынып алдамчылык менен алектенген жарандар камакка алынды
Кыргыз Республикасынын Башки прокуратурасы тарабынан Ф.у.К. аттуу жарандын кайрылуусунун негизинде тешерүү жүргүзүлдү. Кайрылууда айрым жарандар Башкы прокурор менен сотторг материалдык сый аки берүү жолу менен Чүй облусунун Сокулук районунда жайгашкан кайрылуу ээсине таандык жер тилкесин алдамчылык жолу менен тартып алууга аракеттенип жатышканды тууралуу жазган.
Текшерүүдө, Б.О. жана О.А. аттуу жарандар алдоо жолу аркылуу Башкы прокуратуранын жетекчилиги менен сүйлөшүлдү – деп Р.А. жана Э.Т. аттуу адамдардын ишеничине кирип, Жогорку сотто каралып бүткөн жер маселеси боюнча жарандык ишти жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра каралышына көмөк көрсөтүп берүү үчүн 7 600 АКШ долларын алышкандыгы аныкталган.
Аталган факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодинин 209-беренеси («Алдамчылык») менен кылмыш иши козголгон.
Тергөө учурунда Б.О. жана О.А. шектүү катары кармалышып, сот тарабынан аларга карата бөгөт коюу чарасы катары 2 айга камакка алуу түрү тандалды.
Бүгүнкү күндө кылмыш иши боюнча тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.