Кыргыз РеспубликасынынБАШКЫ ПРОКУРАТУРАСЫ

Некролог - Соломатова Виктория Сергеевна

2023-жылдын 19-январында узакка созулган оорудан улам Бишкек шаарынын Свердлов районунун прокурорунун улук жардамчысы, юстициянын майору Соломатова Виктория Сергеевна дүйнөдөн кайтты.

Виктория Сергеевна прокуратура органдарында 16 жылдан ашуун эмгектенип, жардамчы, улук жардамчы, тергөөчү кызматтарын аркалаган.
Кызмат учурунда өзүн кесипкөй адис, юридикалык жактан компетенттүү жана жоопкерчиликтүү кызматкер катары көрсөтүп, прокуратура кызматкерлеринин арасында кадыр-барк топтогон.
В. Соломатованын үй-бүлөсүнө жана туугандарына прокуратура органдарынын жалпы кызматкерлеринин атынан терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.