Кыргыз РеспубликасынынБАШКЫ ПРОКУРАТУРАСЫ

Кыргыз Республикасынын прокурорлору, соттору жана адвокаттары үчүн тренинг өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын прокурордук-тергөө кызматкерлерин кесиптик даярдоо Борбору, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби жана Кыргыз Республикасынын Адвокатурасына караштуу Адвокаттардын окуу борбору тарабынан профессионалдык кадрларды даярдоо жаатындагы өнүктөштүк жана кызматташтык жөнүндө Меморандумдун алкагында жергиликтүү сотторунун судьялары, прокуроролору жана адвокаттары үчүн “Ишкердик ишмердүүлүктүн субъектеринин жоопкерчилигинин өзгөчөлүктөрү” темасындагы эки күндүк биргилишкен тренинг  уюштурулуп, өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору Э.Байтикова, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын прокурордук-тергөө кызматкерлерин кесиптик даярдоо Борборунун директору А.Молдобаев,  Кыргыз Республикасынын Адвокатурасына караштуу Адвокаттардын окуу борборунун директору Г.Турдумамбетова, Кыргыз Республикасынын  Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасынын долбоордун талдоочусу Н.Бакиров саламдашуу сөздөрүн сүйлөштү.

Эки күндүк семинардын жүрүшүндө катышуучулар ишкердик субъектеринин жоопкерчилигинин ар кандай түрлөрүнүн өзгөчөлүктөрү, ишкердик жана башка экономикалык иш чөйрөсүндө жасалган кылмыштар жөнүндө иштер боюнча кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн өзгөчөлүктөрү, жарандык-укуктук деликттерди  жана кылмыштарды чектөөнүн айрым мисалдары жана башка темалар менен таанышышты.

Тренер катары юридика илимдеринин кандидаты, Борбордук Азиядагы Америка университетинин “Эл аралык жана бизнес укугу” кафедрасынын доценти  Н.Аленкина, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучусу М.Давлетбаева сүйлөштү.

Аталган тренинг ишкер субъектеринин жоопкерчилигинин маселелери боюнча судьялардын, прокурорлордун, адвокаттардын, ишкерлердин дараметин жогорулатуу боюнча өткөрүлдү.

Тренингдин аякташы менен катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.