Прокурорлор үчүн «Кыйноолордун жана катаал мамиленин алдын алуу жана иликтөө» темасындагы эки күндүк тренинг өткөрүлдү
2023-жылдын 8-9-июнунда Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын прокурордук-тергөө кызматкерлерин кесиптик даярдоо Борбору (мындан ары Борбор) тарабынан Европа Кеңеши менен кызматташтыкта прокурорлор жана тергөөчүлөр үчүн «Кыйноолордун жана катаал мамиленин алдын алуу жана иликтөө» темасындагы эки күндүк тренинг өткөрүлдү.
Иш чараны Борбордун директору А.Киязов, Борбордук Азиядагы HELP долбоорунун координатору К.Хохлова, Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Делегациясынын программалык менеджери Йотам Лерер, Европа Кеңешинин инновациялар жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы С.Дикман, Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун директору Б.Рысбеков саламдашуу сөзү менен ачышты.
Тренингдин жүрүшүндө угуучуларга эл аралык стандарттарды жана улуттук мыйзамдарды эске алуу менен кыйноолорду жана катаал мамилени иликтөө маселелери боюнча пикир алмашуу, билим алуу үчүн кеңири аянтча берилди.
Катышуучулар эл аралык стандарттарды эске алуу менен катаал мамиле жана кыйноо фактыларын иликтөөгө байланыштуу кырдаалды баалоого, Европа Кеңешинин эксперттери тарабынан сунушталган эң мыкты европалык практикадан тажрыйба алууга мүмкүнчүлүк алышты. Талкуунун жүрүшүндө прокурорлордун, тергөө органдарынын, улуттук укук коргоо институттарынын, улуттук алдын алуу механизимдеринин кыйноо жана катаал мамиле фактыларын алдын алуу жана тергөөдөгү ролуна өзгөчө көңүл бурулду.