Кыргыз РеспубликасынынБАШКЫ ПРОКУРАТУРАСЫ

Токмок шаардык прокуратурасы жашы жете электердин турак жай алуу укугун калыбына келтирди

Прокуратура органдары калктын социалдык аялуу катмарынын укуктарын коргоо жаатында максаттуу жана ырааттуу иштерди жүргүзүп келет. Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 44-беренесине ылайык, жетим балдарга, ата-энелеринин көзөмөлүсүз калган балдарга турак жай кезексиз берилет.

Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 20-беренесинде, тиешелүү аймакта балдардын укуктарын жана таламдарын камсыз кылуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын ыйгарым укуктарына кирет, деп көрсөтүлгөн. Турак жайы жок бир тууган жетим кыздардын укугун коргоо максатында, 2021-жылдын 9-мартында Токмок шаардык прокуратурасы тарабынан, аталган шаардын мэриясына ченемдик укуктук актылардын бузулушун четтетүү жөнүндө сунуш берилген. Жогорудагы прокурордук актыны кароонун жыйынтыгы менен, Токмок шаардык мэриясынын 2021-жылдын 31-мартындагы чечиминин негизинде томолой жетим бир тууган эже-сиңди Алыбековаларга Токмок шаарынан жеке менчикке бир бөлмөлүү батир берилди.