Кыргыз РеспубликасынынБАШКЫ ПРОКУРАТУРАСЫ

Башкы прокуратуранын делегациясы БУУнун коррупцияга каршы Конвенциясынын катышуучу мамлекеттеринин Конференциясына катышты

2021-жылдын 13-17-декабрь күндөрү Египет мамлекетинин Шарм-эль-Шейх шаарында БУУнун коррупцияга каршы Конвенциясынын катышуучу мамлекеттеринин Конференциясынын 9-сессиясы болуп өттү.

Аталган конференцияга Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун биринчи орун басары А.Молдокматов жетектеген делегация катышты.

Конференциянын алкагында катышуучу өлкөлөр тарабынан аны ишке ашыруунун жүрүшү, техникалык жардам берүү, коррупцияны алдын-алуу боюнча эскертүү иш-чараларын жүзөгө ашыруу, коррупциянын жыйынтыгында топтолгон кылмыштуу активдерди кайтаруу, ошондой эле эл аралык кызматташууну бекемдөө жана кеңейтүү маселелери каралды.

Мындан сырткары, Конференциянын жүрүшүндө Конвенциянын катышуучу мамлекеттеринин делегация башчылары эл аралык келишимдин жоболорун ишке ашыруу, коррупцияга каршы жаатында жүргүзүлүп жаткан реформалар жана мамлекеттик органдар тарабынан бул багытта көрүлүп жаткан аракеттер тууралуу тиешелүү маалыматтар менен баяндамаларды жасашты.

Ошондой эле, Башкы прокуратуранын делегациясы “Улуу Жибек жолунда” жайгашкан өлкөлөрүнүн коррупцияга каршы күрөшүү долбоорунун алкагындагы биринчи жолугушуусуна жана коррупцияга каршы мыйзамдарды сактоону камсыз кылуу боюнча Дүйнөлүк органдардын ыкчам тармагынын (GlobE Тармагы) эксперттеринин кеңешмесине катышты.

Ушуну менен бирге, кыргыз делегациясы БУУнун баңги заттар жана кылмыштуулук Башкармалыгынын Штаб-квартирасынын түзүмдүк тутумунун жетекчиси Джон Брандолино мырза жана аталган уюмдун Борбордук Азиядагы чөлкөмдүк кеңешчиси В.Козин мырза менен жолугушту. Анын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен БУУнун баңги заттар жана кылмыштуулук каршы Башкармалыгы менен эксперттик жана маалыматтык колдоо көрсөтүү, анын ичинде коррупцияга каршы документтерди иштеп чыгууга көмөктөшүү сыяктуу эки тараптуу кызматташууну мындан аркы бекемдөө жана кеңейтүү маселелери талкууланды.

Өткөрүлгөн иш-чараларды аяктоодо айрым юрисдикциялар менен укуктук маселелер боюнча жүргүзүлгөн эки тараптуу жолугушуулардын жыйынтыгы менен кызматташуу боюнча макулдашууларга жетишилди.