Кыргыз РеспубликасынынБАШКЫ ПРОКУРАТУРАСЫ

Ж А Р Ы Я!

Урматтуу Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарына кызматка кабыл алуу үчүн кадрлар резервине киргизүүгө талапкерлерди тандоо боюнча конкурстун катышуучулары!



Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарына кызматка кабыл алуу үчүн кадрлар резервине киргизүүгө талапкерлерди тандоонун Эрежелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Жогорку аттестациялык-конкурстук комиссиясы тарабынан бекитилген графиктин негизинде 2021-жылдын 17-декабрынан тартып талапкерлерди тандоо процессинин кезектеги баскычы - компьютердик тестирлөө  башталарын Сиздерге кабарлайт. 

Компьютердик тестирлөө Бишкек шаарынын А.Токтоналиев көчөсүнүн №2/1 дарегинде  жайгашкан  Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын прокурордук-тергөө кызматкерлерин кесиптик даярдоо борборунда (3 кабат) өтөт. 

 Компьютердик тестирлөөнү өтүү графиги Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын www.prokuror.kg расмий сайтында жайгаштырылган.

Конкурстун бардык катышуучулары паспорту (ID) менен келүүсү зарыл жана санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо максатында имараттын ичинде   медициналык беткап тагып жүрүү талап кылынат.


Кызыккан бардык суроолор боюнча 0(312) 54-28-52 телофону аркылуу кайрылсаңыздар болот.