Кыргыз РеспубликасынынБАШКЫ ПРОКУРАТУРАСЫ

Прокурорлор, соттор жана адвокаттар үчүн биргелешкен тренинг өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы «Жаңы мамлекеттик кадр саясаты жөнүндө», «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыктарын ишке ашыруунун алкагында жана 2021-жылга карата бекитилген Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын кадрларын даярдоонун, кайра даярдоонун  жана квалификациясын жогорулатуунун Окуу-тематикалык планына ылайык, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын  прокурордук-тергөөчү кызматкерлерди кесиптик даярдоо борбору тарабынан  Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби жана Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын алдындагы Адвокаттарды окутуу борбору менен биргеликте «Сот адилеттүүлүгүн жүргүзүү процессиндеги соттордун, прокурорлордун жана адвокаттардын сот этикети» темасында көчмө тренинг өткөрүлдү. 

Бул иш-чара Сот адилеттигинин жогорку мектеби жана Адвокаттарды окутуу борбору менен 2019-жылы түзүлгөн кесиптик билим берүү жаатындагы өнөктөштүк жана кызматташтык меморандумунун алкагында уюштурулду.

Тренинг угуучуларды атаандаштык процессинин шартында сот этикетинин эрежелерине жана көндүмдөрүнө окутууга, соттордун прокурорлордун жана адвокаттардын соттук териштирүүлөрдөгү жүрүм-турумундарынын өзгөчөлүктөрүн изилдөөгө багытталды.

Теориялык билим интерактивдүү, практикалык   көнүгүүлөрдү    жасоо

менен бекемделип, соттордун прокурорлордун жана адвокаттардын катышуусунда оюн форматында өткөрүлгөн соттук процесстер менен толукталды.

Тренер катары Франциянын ардактуу Башкы прокурору, магистратуранын Жогорку кеңешмесинин мурдагы мүчөсү Жан-Мари Юе, отставкадагы судья, Эмгек сиңирген юрист Л.В.Гутниченко, Башкы прокуратуранын башкармалыгынын прокурору А.Ш.Шукурбеков, адвокат жана отставкадагы судья М.А.Давлетбаевалар болушту.

Тренингдин соңунда катышуучуларга сертификаттар тапшырылды. 

Иш-чара Европа Биримдигинин «Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгү – 2-фаза» программасынын колдоосу менен өткөрүлдү.