Кыргыз РеспубликасынынБАШКЫ ПРОКУРАТУРАСЫ

Прокуратура: Баткен шаарындагы тротуардын курулушунда мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген

Баткен облустук прокуратурасы тарабынан Баткен шаарынын Разаков көчөсүндөгү жол тутумунун курулушундагы аткарылган иштердин жогорулатылган баада көрсөтүлгөндүгү аныкталды.

Шаардык мэриянын жооптуу кызматкерлери жумуш аткаруучу “Ч.С” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан жасалган 2 964 700 сомдук тротуар, арык-лотоктору менен курулушту колдонууга кабыл алышкан.

Бирок, прокурордук текшерүүнүн жыйынтыгында жумуш аткаруучу локалдык сметада каралган 1 917 443 сомдук асфальттын тротуарга төшөлбөгөндүгү такталган.

Жооптуу кызмат адамдарынын аракеттерине укуктук баа берүү максатында, топтолгон материалдар Жазык кодексинин 320-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.