«Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу легализациялоо жана амнистия жүргүзүү жөнүндө» Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлдү
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризация жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында Башкы прокуратуранын алдында «Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу легализациялоо жана амнистия жүргүзүү жөнүндө» Мыйзамынын жаңы редакциясын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлдү.
Жумушчу топтун курамына Юстиция министрлигинин, Экономика жана коммерция министрлигинин, Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын, Мамлекеттик салык кызматынын, Бизнес-акыйкатчы институтунун жана ири бизнес коомчулугунун өкүлдөрү кирди.
Жумушчу топ тарабынан Мыйзамдын долбооруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө ар бир кызыккан тараптын сунушу каралаарын маалымдайбыз. Сунуштарды Башкы прокуратуранын дарегине кат түрүндө берүүгө болот.
Маалымат үчүн: 0 (312) 54-29-96.