Баатыр эненин урматына “Кыргызстан-Россия” телекөпүрөсү өткөрүлдү
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Россия Федерациясынын Тергөө комитети менен биргеликте Улуу Ата Мекендик согуш учурунда курчоодо калган Ленинград шаарынан эвакуацияланып келген 150 баланы камкордукка алып өстүргөн, Ысык-Көл областынын Күрмөнтү айылынан чыккан чыгаан инсан Токтогон Алтыбасарованын жаркын элесине арналган "Кыргызстан-Россия" телекөпүрөсүн өткөрдү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Т.Зулушев, Россия Федерациясынын Тергөө комитетинин төрагасы А.И.Бастрыкин, 1942-жылы Ленинграддан эвакуацияланган Т.Алтыбасарованын тарбиялануучусу Ашегулова Валентина Ивановна, Кадет корпусунун курсанттары жана Россия Федерациясынын Тергөө комитетинин Академиясынын студенттери, ошондой эле Т.Алтыбасарованын балдары жана неберелери катышты.
Башкы прокурор өзүнүн сөзүндө Кыргызтандын фашизмди жеңүүдө кошкон зор салымын, фронттун муктаждыктарын канааттандыруу үчүн өлкөнүн ресурстарын мобилизациялоо үчүн бардык чараларды көргөндүгүн белгилеп өттү. Ошондой эле, К.Т.Зулушев эвакуацияланган балдарды ачкачылыктан сактап калган мекендешибиз Т.Алтыбасарованын баатырдык ролу өзгөчө экендигине токтолду.
Өз кезегинде Тергөө комитетинин төрагасы А.И.Бастрыкин Кыргыз Республиканын Башкы прокуратурасынын жетекчилигине, ошондой эле “Токтогон Алтыбасарова” коомдук фондуна Т.Алтыбасарованын жаркын элесин сактап калганы үчүн ыраазычылыгын билдирип, анын иш-аракети жаш муундарды мекенчилдикке тарбиялоонун ачык мисалы болушу керектигин баса белгиледи.
Телекөпүрөнүн жүрүшүндө Т.Алтыбасарованын балдары, неберелери жана анын тарбиялануучусу болгон В.И. Ашегулова баатыр эненин башынан кечирген согуштун катаал мезгилдери тууралуу эскерүүлөрүн айтышты.