Мыйзам долбоорлорунун коомдук талкуусу өтүүдө
Бүгүн, Бишкек шаарындагы «Достук» мейманканасында, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн демилгеси менен тегерек стол форматында «Кылмыш-жаза, Жаза-процессуалдык, Жаза аткаруу, Административдик укук бузуулар жөнүндө» кодекстердин долбоорлору боюнча коомдук талкуулоо жүргүзүлүүдө.
Жыйынга Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Зулушев, жумушчу топтун мүчөлөрү, коомдук ишмерлер, юристтер, илимий чөйрөнүн, адвокатуранын, бизнес коомчулуктун жана жарандык сектордун өкүлдөрү катышууда.
Бул иш-чарада түшкөн сунуштар каралып, иштелип чыккан мыйзам долбоорлоруна киргизилүүчү өзгөртүүлөр менен толуктоолор тууралуу адистер өз пикирлери менен бөлүшүүдө.