Кыргыз РеспубликасынынБАШКЫ ПРОКУРАТУРАСЫ

Саясий репрессиянын курмандыктарын реабилитациялоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп, 1930-1940-жылдары саясий репрессиялардын курмандыктарын реабилитациялоо болуп эсептелинет.

1994-жылы 27-майда Кыргыз Республикасынын “Саясий жана диний ишенимдери үчүн, социалдык, этникалык жана башка негиздер боюнча репрессиянын натыйжасында жапа чегип, реабилитацияланган жарандардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” мыйзамы кабыл алынып, бул мыйзам прокуратура органдарына реабилитация болууга жаткан жарандардын мыйзам кабыл алынганга чейинки сот жана башка органдардын чечимдери боюнча иштерди текшерүү менен саясий репрессиянын курмандыктарын реабилитациялоо ыйгарым укуктары берилген.

Жогорудагы иш чаралар Кыргыз Республикасынын прокуратурасы тарабынан аталган мыйзам кабыл алынганга чейин да жүргүзүлүп келген.

Өткөн кылымдын 80-жылдардын аягында жана 90-жылдардын башында реабилитациялоо боюнча түзүлгөн топ тарабынан, жарандардын арыз-кайрылууларысыз репрессияланган жарандардын иштери кайрадан каралып чыгып, көлөмү боюнча масштабдуу иш чаралар жүргүзүлүп, алардын жыйынтыгы менен 10 миңден ашуун адам реабилитацияланган.

Ал эми, бүгүнкү күндө бул багыттагы иштер жарандардын кайрылууларынын негизинде жүргүзүлүп келүүдө.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан 2018-жылы 276 кайрылуу каралып, анын ичинен 233 канааттандырылып, калган кайрылуулар боюнча түшүндүрмөлөр берилген.

Ал эми, 2019-жылы 219 кайрылуу каралып, анын 116 канааттандырылган, 2020-жылы 84 кайрылуунун ичинен 49 канааттандырылып, ушул жылдын 9 айындагы 45 кайрылуунун 25 канааттандырылган.

Реабилитациялоо маселелери боюнча келип түшкөн кайрылуулардын көпчүлүгүн репрессияга кабылган адамдардын туугандарынын саясий репрессиянын курмандыктарын таануу жана аларды реабилитациялоо жөнүндөгү тактамаларды берүү суранычтары түзөт.

Жогорудагы мыйзамдын 2-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, реабилитациялануу укугуна түздөн-түз мажбурлоо чаралары колдонулган адамдар менен катар атууга өкүм болгон жана каза болгондон кийин реабилитациялангандардын, саясий репрессиянын курмандыктарынын балдары жана жолдошу (жубайы), ошондой эле ата-энесинин, жубайынын репрессиялангандыгына байланыштуу, эркиндигинен ажыратуу жайларында, сүргүндө, атайын отурукташуу жайларында болгон же башка укуктары менен эркиндиктери чектелгендердин балдары жана жубайлары ээ болушат жана таанылышат.

Белгилей кетсек, мыйзамдарга ылайык кароо жана текшерүү мөөнөтү үч айдан ашпашы керек. Реабилитациялоо жөнүндөгү арыз менен кайрылууда, арыз ээсинин реабилитациялоо жөнүндө чечим кабыл алына турган адам же репрессияга туш болгон адам менен болгон мамилесин тастыктаган документтер тиркелиши зарыл. Мындай жагдай убакытты үнөмдөөгө, текшерүүнү жана жумушту ыкчамдатууга шарт түзөт.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы же сот органдары тарабынан берилген реабилитациялоо жөнүндөгү тактамалар, жарандарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 28-сентябрындагы 401 сандуу токтому менен бекитилген “Саясий жана диний ишенимдери үчүн, социалдык, этникалык жана башка негиздер боюнча репрессиянын натыйжасында жапа чегип, реабилитацияланган жарандардын укуктарын калыбына келтирүү тартиби жөнүндө” Жобосунда көрсөтүлгөн: социалдык кепилдиктерди, жеңилдиктерди жана компенсацияларды алууну, турак-жай шарттарын жакшыртуу укуктарын камсыздайт.