Кыргыз РеспубликасынынБАШКЫ ПРОКУРАТУРАСЫ

Курманкул Зулушев: Азыркыга чейин жаңы кодекстердин талаптарын толук түшүнбөгөн кызматкерлер абдан көп

Азыркы учурга чейин жаңы кодекстердин талаптарын толук түшүнбөгөн кызматкерлер абдан көп жана ушул эле кодекстерге киргизе турган оңдоп түзөөлөр да алардан кем эмес. Бул тууралуу Башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Башкы прокурор жаңы кодекстердеги айрым процедуралар биринчиден тергөөчүнүн, экинчиден прокурордун, үчүнчүдөн тергөө судьясынын жумуштарын кескин түрдө көбөйтүп жаткандыгына токтолду.

Ал эми тергөөнү негизсиз создуктуруу – коомчулуктун нааразычылыгын пайда кылып, кылмыштардын бетин ыкчам ачууга терс таасирин тийгизип, укук коргоо тутумуна болгон көз караштын бузулушуна алып келүүдө - деди Курманкул Зулушев

Ошондой эле өткөн жылы жаңы модулдар менен иштөөнү үйрөтүү максатында Башкы прокуратура тарабынан республика боюнча масштабдуу окутуу иш-чаралар өткөрүлүп, ар бир жергиликтүү укук коргоо органдарынын тийиштүү кызматкерлери окутулганын кошумчалап, бирок окутуулардын жыйынтыгы дагы деле болсо жакшыртууну талап кыларын кошумчалады.

- Себеби, беш жыл жогорку окуу жайында бир түрдүү юридикалык билимди алган адиске, бир айдын ичинде билимдин башка түрүн окутуп жиберүү мүмкүн эмес экен. Азыркы учурга чейин жаңы кодекстердин талаптарын толук түшүнбөгөн кызматкерлер абдан көп жана ушул эле кодекстерге киргизе турган оңдоп түзөөлөр да алардан кем эмес - деди Курманкул Зулушев