Кыргыз РеспубликасынынБАШКЫ ПРОКУРАТУРАСЫ

Башкы прокурор: 118 жазык иш боюнча 172 адамга карата актоо өкүмү кабыл алынды

     Башкы прокурор бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында 2020-жылы болуп өткөн өлкөдөгү эпидемиялогиялык кырдаалга карабастан, соттор тарабынан жазык иштерди кароодо мамлекеттик айыптоону колдоо үзгүлтүккө учурабастан, камсыз кылынгандыгын билдирди.

    - 2020-жылы 1-инстанциядагы соттор тарабынан 8 430 адамга карата 6 940 жазык иш каралган. Аталган жазык иштердин ичинен 2020-жылы 172 адамга карата 118 иш боюнча актоо өкүмдөрү кабыл алынган. 2020-жылы Тартиптик комиссияга 35 сунуш келтирилген. 

     Сунуштардын көбөйүүсүнүн негизги себеби болуп, соттор тарабынан иштерди кароодо жылдан жылга көп мыйзам бузуучулуктарга жол берүүсү эсептелет. Келтирилген сунуштардын ичинен 8 сунуш канааттандырылып, 2 судьяны жазык жоопкерчилигине тартууга уруксат берилип, 6 судья тартиптик жоопкерчиликке тартылышып, 12 сунуш четке кагылып, 15 сунуш кароо стадиясында болгон - деди Курманкул Зулушев.

       Ошондой эле, ал Башкы прокурордун 2020-жылдын октябрындагы буйругу менен Башкы прокуратурада соттун чечимдеринин аткарылышын жана пробацияны көзөмөлдөө бөлүмү уюштурулуп, бул тармакта иш-аракеттердин натыйжалуулугун күчөтүү максатында атайын иш мерчемдер түзүлүп, анын аткарылышынын жыйынтыгы менен тиешелүү укуктук ченемдик актыларга өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштар берилгендигин кошумчалады.