Прокуратура органдарынын тергөөчүлөрү үчүн кезектеги тренинг өткөрүлдү
Башкы прокуратуранын прокурордук-тергөө кызматкерлерин кесиптик даярдоо борбору тарабынан прокуратура органдарынын тергөөчүлөрү үчүн «Коррупциялык багыттагы кылмыштарды териштирүү» темасында кезектеги тренинг гибриддик форматта өткөрүлдү.
Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар жаңы кылмыш-жаза, кылмыш-жаза-процессуалдык мыйзамдарынын негизги жоболору жана талаптары менен таанышышты. Коррупциялык багыттагы кылмыштарды териштирүүдө аныкталууга жана далилденүүгө тийиш болгон жагдайларга, окуя болгон жерде алгачкы тергөө аракеттерин уюштуруу жана өткөрүү боюнча тергөөчүлөрдүн укук коргоо органдары, эксперттик мекемелер менен өз ара аракеттенүүсүнө өзгөчө көңүл бурулду.
Башкы прокуратуранын башкармалыктарынын жана Бишкек шаардык прокуратурасынын кызматкерлери тренингдин спикерлери катары баяндама жасашты. Ошондой эле Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетинин криминалистика жана соттук экспертиза кафедрасынын доценти М.А.Фараджиев тарабынан тергөөчүлөр үчүн паракорлукту териштирүүдө техникалык-криминалистикалык каражаттарды колдонуу боюнча практикум жүргүзүлдү.
Санариптештирүүнүн алкагында тергөөчүлөр «Кылмыштардын бирдиктүү реестри» жана «Укук бузуулардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык тутумдарынын жаңы версиясы, тергөө иштерине байланыштуу статистикалык отчетторду түзүү, кылмыш-жаза сот өндүрүшүндө аудио-видео жазма каражаттарынын колдонулушу менен таанышышты.
Аталган иш-чара Кыргыз Республикасындагы БУУнун өнүктүрүү программасынын «Кыргызстанда жазык сот адилеттиги тармагын мыйзамдын үстөмдүгү жана эл аралык стандарттарга ылайык реформалоону колдоо» долбоорунун алкагында уюштурулду.