Өз ара араттенүү. Кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү өркүндөтүү чаралары
Жазык процессинде адамдын конституциялык укуктары менен эркиндигинин сакталышы, алардын кайрылууларын убагында жана сапаттуу кароо, кылмыштан жабыркагандардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо жана негизсиз жазык-укуктук чараларды колдонууга жол бербөө прокуратура органдарынын ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыты.
Прокуратура тарабынан укук коргоо органдарындагы ыкчам издөө иштеринде жана тергөөдө мыйзамдардын аткарылышына таасирдүү көзөмөл жүргүзүлүп келет. Аны менен катар, оор жана өзгөчө оор категорияга кирген кылмыш иштердин тергелиши дайыма көзөмөлдө турат. Ырааттуу негизде кылмыштуулуктун абалына анализ жүргүзүлүп, укук бузууларды алдын алуу, кылмыштардын бетин ачуу боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү күчөтүлүүдө.
Өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылып кеткен активдерге байланышкан кылмыш иштерге, келтирилген зыянды өндүрүүгө, ишкердик субъектилеринин укуктарын коргоого өзгөчө көңүл бурулуп жатат.
Кыргыз Республикасынын бир катар ченемдик-укуктук актыларына өзгөртүү жана толуктоолордун киргендигине байланыштуу, ошондой эле Башкы прокуратуранын жетекчилигинин тапшырмаларын аткаруу максатында, жер-жерлерде дайыма укук колдонуу практикасы талкууланып, кылмыштуулуктун абалы, мыйзам бузууну алдын алуу жана анын кесепетин жоюу, укук тартибин жана мыйзамдуулукту чыңдоо боюнча ведомстволор аралык ыкчам кеңешмелер өткөрүлүп келүүдө.