Кыргыз РеспубликасынынБАШКЫ ПРОКУРАТУРАСЫ

Курманкул Зулушев: Бул тергөөнү негизсиз создуктурууга жана тергөөчүнүн иштерин көбөйтүүгө алып келүүдө

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Жогорку Кеңештин жыйынында жаңы кодекстердин талаптарына ылайык, тергөөчү жазык иштерин тергөөгө кетирген убакытка караганда, анын бөгөт коюу чарасын тандоо, атайын тергөө аракеттерин жүргүзүү, шектүүгө кабарлама берүү сыяктуу аракеттерге көбүрөөк убактысы кетип жаткандыгын айтты. 

Курманкул Зулушев, учурда ар бир кылмыш же жорук жөнүндөгү кайрылуулар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган убактан тартып тергөө аракеттери жүргүзүлүшү керек. Башкача айтканда, жаңы кодекстер кабыл алынганга чейин иштеп келген жазык ишин козгоо жана жазык ишин козгоодон баш тартуу институттары азыр жок экендигин кошумчалады.

- Мурдагы түшүнүк менен аталып келген кылмыштар азыркы учурда жорук жана кылмыш болуп экиге бөлүнүп калды. Бул жагдай дагы укук колдонуу тажрыйбасында бир топ ыңгайсыздыктарды жаратып, тергөөнү негизсиз создуктурууга жана тергөөчүнүн иштерин көбөйтүүгө алып келүүдө. Укук коргоо органдарынын сотко чейинки өндүрүш иштерин жүргүзгөн кызмат адамдары, ошондой эле көзөмөлдөөчү прокурорлор – шектүү, айыпталуучу адамдар тууралуу маалыматтарды Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине токтоосуз түрдө киргизиши керек. Аталган процедуралар кошумча убакытты талап кылып, аткарыла турган иштин көлөмү мурдагыга караганда эки-үч эсеге көбөйдү - деди Курманкул Зулушев.

Ошондой эле Башкы прокурор жаңы кодекстердин талаптары боюнча тергөөчү жазык иштерин тергөөгө кетирген убакытка караганда, анын бөгөт коюу чарасын тандоо, атайын тергөө аракеттерин жүргүзүү, шектүүгө кабарлама берүү сыяктуу аракеттерге көбүрөөк убактысы кетип жаткандыгын баса белгиледи.

  • Анткени, бул аракеттерди ишке ашыруу үчүн тергөөчү адегенде прокурорго барып анын мыйзамдуулугун текшертип, андан кийин тергөө судьясына барып ал жерде эртеден кечке кезек күтүп, өзүнүн аракеттерин мыйзамдаштырууга милдеттүү - деди Курманкул Зулушев.