Жаңы кодекстердин долбоорлорунда бизнестин кызыкчылыктарын коргоого өзгөчө көңүл бурулган
Бүгүн, 2021-жылдын 24-июнунда Бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиеванын демилгеси менен жаңы кодекстердин долбоорлоруна байланыштуу «Ишкерлердин укуктары жана башка актуалдуу маселелер» аталышындагы тегерек стол болуп өттү.
Иш-чарага кодекстерди иштеп чыгуу боюнча эксперттик жумушчу топтун мүчөлөрү, коомдук ишмерлер, Башкы прокуратуранын өкүлдөрү, эксперттер, юристтер, адвокаттар жана журналисттер катышты. Тегерек столдун катышуучулары кодекстердин долбоорлорундагы ишкерлердин укуктарын коргоого багытталган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду талкуулашты.
Прокуратуранын өкүлү, кодекстерди иштеп чыгуу боюнча эксперттик жумушчу топтун мүчөсү Азизбек Шүкүрбеков кодекстердин долбоорунда бизнес жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү каралгандыгын белгиледи.
"Эгер, ишкер атаандашына каршы бут тосуу максатында, ал салык төлөөдөн качып жүрөт деген маңызда арызданса, анда арыз катталгандан кийин, тергөө органына салык боюнча текшерүүнүн актысы жок тергөө жүргүзүүгө тыюу салынат. Мындай норма Кылмыш-процессуалдык кодексинин долбооруна киргизилген. Биз укук коргоо органдарына ишкерлердин ишине кийлигишүүгө бөгөт койдук " - деди Азизбек Шүкүрбеков.
Ошондой эле, эксперттер кодекстердин долбоорлорунун прогрессивдүү жактарын белгилешип, адам укуктарын коргоого багытталган мыйзамдардын артыкчылыктарына токтолушту.
Тегерек столдун катышуучулары, анын ичинде бизнес өкүлдөрү, юристтер, көз карандысыз эксперттер долбоор боюнча кодекстерге киргизилчү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду колдой тургандыктарын билдиришти.