Прокурорлор, соттор жана адвокаттар биргелешкен тренингге катышты
2022-жылдын 3-4-октябрында Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын кадрларын даярдоонун, кайра даярдоонун жана квалификациясын жогорулатуунун 2022-жылга карата окуу-тематикалык планына ылайык, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын прокурордук-тергөө кызматкерлерин кесиптик даярдоо борбору, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун алдындагы Сот адилеттигинин жогорку мектеби жана Адвокатуранын Окуу борбору менен өз ара кызматташуунун алкагында прокурорлор, судьялар жана адвокаттар үчүн "Жазык процессинде тараптардын атаандаштык принциби" темасында биргелешкен тренинг өткөрүлдү.
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын прокурордук-тергөө кызматкерлерин кесиптик даярдоо борборунун директору А. Молдобаев, Европа Биримдигинин «Кыргыз Республикасында укук үстөмдүүлүгү 2-фаза» Программасынын эксперти Тофтисова-Матерон, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору Э. Байтикова иш-чаранын ачылышында сөз сүйлөштү.
Тренинг прокурорлорду, жергиликтүү соттордун судьяларын жана адвокаттарды процесстин атаандаштык шарттарында жазык иштери боюнча соттук отурумдарга катышуу эрежелерин окутууга багытталган.
Эки күндүк тренингдин жүрүшүндө катышуучулар тараптардын атаандаштык шарттарында жазык иштери боюнча апелляциялык, кассациялык даттанууларды, сунуштарды даярдоонун өзгөчөлүктөрү менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.
Ошондой эле, оюн сот жараянына активдүү катышып, анын жыйынтыгы боюнча сот адилеттигин жүргүзүүдө кетирген каталары боюнча иш алып барышты.
Бул окуу иш-чара Европа Биримдигинин «Кыргыз Республикасында укук үстөмдүүлүгү 2-фаза» Программасынын колдоосу менен өткөрүлдү. Чүй облустук сотунун судьясы – И.Воронцова, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттиги жогорку мектебинин окутуучусу – Г.Дуйшенбекова, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын жазык жана жарандык сот өндүрүшү жана соттук чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын прокурору Э. Асакеев тренер болушту.
Тренинг аяктагандан кийин катышуучуларга сертификаттар берилди.