Чүй облустук прокуратурасы 0.50га болгон жер тилкесин муниципалдык менчикке кайтарды
Чүй облусунун прокуратурасы 2019-жылы Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айылында мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткен 0,50 га жер тилкесин кайрадан муниципалдык менчике кайтаруу үчүн Чүй облусунун райондор аралык сотуна доо арыз келтирген.
Тактап айтканда, Ысык-Ата районунун Логвиненко айыл өкмөтүнүн чечими менен М.Б. атту жаранга №2 бригадалык короо жана 0,50 га жер тилкеси мыйзамсыз жеке менчике берилген.
Аталган жер тилкеси мурда Логвиненко айыл өкмөтүнүн карамагында бош жер тилке катары турган жана балдар ойноочу аянтча куруу максатында аталган айыл өкмөттүн чечими менен жер тилкеси бөлүнүп берилген. Айылдын тургундары жеке каражаттарынын эсебинен кум аянтчасын, селкинчек орнотушкан. Ал эми кийинчерээк 2010-жылы демөөрчүлөрдүн жардамы менен балдар аянтчасына оюн-зоок үчүн тиешелүү шаймандарды алышып, аталган аянтчанын аймагы темир тор менен курчалган.
Белгилүү болгондой, М.Б аттуу жаран Логвиненко айыл өкмөтүнүн мыйзамсыз чыгарылган чечимине таянып аталган балдар аянтчасын бузууну көздөгөн. Айыл тургундары бул аракетке нааразычылык билдирип прокуратура органдарына арыз менен кайрылган.
Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Логвиненко айыл өкмөтүнүн чечими Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарын одоно бузуу менен кабыл алынгандыгы аныкталып, Чүй облусунун прокуратурасы тарабынан Чүй облусунун райондор аралык сотуна Логвиненко айыл өкмөтүнүн аталган жер тилкесин бөлүү боюнча чечимин жараксыз деп табуу жөнүндө административдик доо келтирилген.
2021-жылдын 25-февралындагы Чүй облусунун Административдик сотунун чечими менен Чүй облусунун прокуратурасынын административдик доосу канаатандырылып, Ысык-Ата районунун Логвиненко айыл өкмөтүнүн 2004-жылдагы №43 сандуу “№2 бригадалык короону 0,50 га жер тилкеси менен М.Б. аттуу жаранга жеке менчикке берүү” жөнүндө чечими жараксыз деп табылган.