Кыргыз РеспубликасынынБАШКЫ ПРОКУРАТУРАСЫ

Прокуратура органдарынын Ардагерлер кеңешинин конференциясы болуп өттү

         Бүгүн, 20-май күнү Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору  Курманкул Зулушевдин катышуусунда прокуратура органдарынын Ардагерлер кеңешинин конференциясы өткөрүлдү.

         Конференцияга Бишкек шаары жана Чүй облусундагы ардагерлер катышты, ал эми региондордогу ардагерлер менен онлайн видео аркылуу байланыш жүргүзүлдү.   

         Жыйында, Ардагерлер кеңешинин башкармалыгынын төрагасын, анын мүчөлөрүн, ревизиялык комиссиянын мүчөлөрүн шайлоо, кеңештин уставын бекитүү маселелери каралды. 

         Кеңештин аткаруу органы болгон башкармалыктын төрагалыгына Адис Өмүралиевдин талапкерлиги бир добуштан жактырылды. Шайланган төрага прокуратура органдарынын ардагерлерине тиешелүү көйгөйлөргө токтолуп, ардагерлердин фондун, ардагерлердин үйүн ачуу зарылчылыгы тууралуу ой бөлүштү. 

         Күн тартибине коюлган маселелер боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынгандан кийин, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К. Зулушев учурдагы прокуратура органдары тарабынан жасалып жаткан иштер жана алдыдагы пландар тууралуу ардагерлерге маалымат берди.

         Конференциянын жүрүшүндө ардагерлер тарабынан бир топ суроолор менен сунуштар айтылып, аларга тиешелүү жооптор алынды. 

         Жыйындын аягында, Башкы прокурор Ардагерлер кеңешине тийиштүү көңүл буруларын белгилеп, алардын мыйзамдулууктун сакталышына кошкон салымдары үчүн  ыраазычылыгын билдирди.