Кыргыз РеспубликасынынБАШКЫ ПРОКУРАТУРАСЫ

Биринчи Борбор Азиялык юридикалык форумга катышуу

         2021-жылдын 24-26-июнь күндөрү Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетинин (КМЮА) ортосундагы кызматташтык келишиминин алкагында Башкы прокуратуранын прокурордук-тергөөчү кызматкерлерди кесиптик даярдоо борборунун кызматкерлери КМЮА тарабынан уюштурулган «Заманбап юриспруденция: актуалдуу маселелер, жетишкендиктер жана инновациялар» темасындагы биринчи Борбор Азиялык юридикалык форумга катышты.

         Борбордун директору А.Молдобаев өз сөзүндө форумдун маанилүүлүгүн, форум мындан ары  Борбор Азия аймагындагы өлкөлөр үчүн заманбап аянтча болоорун, анда коомдун санариптик трансформациясы доорундагы юриспруденциянын, кибермейкиндиктеги аткаруу юрисдикциянын, киберкылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн көйгөйлөрүн жана жетишкендиктерин талкулоого мүмкүнчүлүк боло тургандыгын белгиледи.

         Форум лекциялар, панелдик дискуссиялар, мастер-класстар жана тематикалык секциялар форматында өтүп, ага Борбордук Азия жана КМШ өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдарынын, билим берүү, илим, жогорку окуу жайларынын, эл аралык жана коомдук уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

         Бул иш-чаранын жүрүшүндө заманбап юриспруденциянын актуалдуу маселелери жана келечектеги юридикалык илимдин өнүгүү багыттары талкууланды.