Вебинар: "Оффшордук юрисдикция, бенефициардык менчик жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелер"
2021-жылдын 10-11-август күндөрү аралыгында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлдөрү "Оффшордук юрисдикция, бенефициардык менчик жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелер" темасынын алкагында эл аралык регионалдык вебинарга катышышты.
Бул вебинар Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги жана Улуу Британиянын кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча улуттук агенттиги тарабынан уюштурулган.
Вебинарга Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын компетенттүү органдарынын өкүлдөрү катышты.
Вебинардын жүрүшүндө Улуу Британиянын улуттук эксперттери тарабынан кылмыштуу кирешелерди кайтаруу багытындагы оффшордук мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары менен кылмыш иштери боюнча эл аралык кызматташтыктын жана өз ара укуктук жардам көрсөтүү ыкмалары презентацияланып жана Кариб бассейни менен Түштүк-Чыгыш Азия аймактарында орун алган оффшордук юрисдикцияларынан маалымат алуу ыкмалары жана эрежелери менен тааныштырышты.
Мындан тышкары, эксперттер, вебинардын катышуучуларына трасттык (ишенимдүү) фонддор жана ишенимдүү башкаруу фонддорунун ишине байланыштуу кылмыш иштери боюнча тергөөнү уюштуруу жөнүндө ыкмаларды айтып беришти.