Башкы прокуратура реабилитациялык борбордогу балдарды куттуктады
Бүгүн, Башкы прокуратуранын жамааты Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата Сокулук районундагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоо борборундагы жаш жеткинчектерди куттукташты.
Прокуратуранын атынан борборго оюнчуктар, тамак-аш жана күнүмдүк турмушка керектүү буюмдар берилди.
Учурда аталган борбордо 80ге жакын бала дарылануу жана реабилитация курстарынан өтүп жатышат.