Кыргыз РеспубликасынынБАШКЫ ПРОКУРАТУРАСЫ

Башкы прокурор: Прокуратура жалпы аянты 50 гектар болгон 84 жер тилкесин мамлекетке кайтарды

Прокуратура органдары тарабынан жалпы 715 млн. сомдон ашык мамлекетке келтирилген зыяндын орду толтурулган. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Өлкөнүн башкы көзөмөл органын жетекчиси мыйзамсыз менчиктештирилген социалдык объектилерди, анын ичинде билим берүү, саламаттыкты сактоо жана спорт объектилерин мамлекетке кайтаруу боюнча иштер улантылып жаткандыгын баса белгиледи.

- Коррупция жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө багытында прокуратура органдары тарабынан жалпы 715 млн. сомдон ашык мамлекетке келтирилген зыяндын орду толтурулган, анын ичинен 238 млн. акчалай түрдө, натуралай түрдө 477 млн.  Мыйзамсыз менчикке өткөрүлгөн 91 кыймылсыз мүлк объектилери, алардын ичинен жалпы аянты 12888 чарчы метрдик 6 турак эмес жайлар жана 56 чарчы метрдик 1 турак жай, ошондой эле жалпы аянты 50 гектар болгон 84 жер тилкеси мамлекетке кайтарылган - деди Курманкул Зулушев