Башкы прокуратуранын жетекчилиги БУУнун Жогорку Комиссариат Башкармалыгынын өкүлү Х.Ф.Шоддер менен жолугушуу өткөрдү
2021-жылдын 19-февралында Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары Дж.Джаманбаеванын Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку комиссарынын (мындан ары - БУУ КЖКБ) Борбордук Азия боюнча өкүлү Ханс Фридрих Шоддер менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Х.Шоддер эл аралык укуктун негизги принциптерин сактоо менен качкындарды укуктарын коргоо жаатында прокуратура кызматкерлерин окутуу боюнча иш-чараларды уюштурууга көмөктөшүүгө даяр экендигин билдирди.
Башкы прокурордун орун басары Дж.Джаманбаева Кыргыз Республикасында качкындардын, башпаанек издегендердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону, ошондой эле сактоону камсыз кылуу жаатында башкы көзөмөл органы менен БУУ КЖКБнын кызматташтыгынын ийгиликтүү болуп жаткандыгын, мындан ары бул багыттагы кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн жылуу кабыл алаарын белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар ушул багытта биргелешкен долбоорлорду мындан ары иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга даяр экендиктерин билдиришти.


