Кыргыз РеспубликасынынБАШКЫ ПРОКУРАТУРАСЫ

Курманкул Зулушев: 18 мыйзам бузуучулук аныкталып, 8 кызмат адамы тартиптик жоопкерчиликке тартылды

Ишкердик субъекттерине карата укук коргоо органдары жана салык кызматы тарабынан текшерүү жүргүзүүгө 5056 өтүнүч келип түшүп, 185 учурда прокурорлор тарабынан өтүнүчтөрдү каттоодон баш тартылган. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

- Кыргыз Республикасынын башкы прокурорунун былтыркы жылдын май айындагы буйругу менен мамлекеттик органдардын ишкердик субъектилерине карата негизсиз кийлигишүү менен текшерүүлөрдү алдын-алуу, алардын укугун коргоо максатында Инвесторлорду коргоо жана ишкерлердин укуктарынын сакталышын көзөмөлдөө бөлүмү түзүлгөн.

Бөлүм түзүлгөндөн тартып 18 мыйзам бузуучулук аныкталып, мыйзам бузуучулуктарды четтетүү боюнча прокурордук актылар келтирилип, анын негизинде 8 кызмат адамы дисциплинардык жоопкерчиликке тартылган.

Мындан сырткары, бизнес-коомчулук менен жалпы 6 жолугушуулар өткөрүлгөн, массалык-маалымат кызматына жалпы 4 интервью берилип, жергиликтүү газетасына 1 макала жарыяланган.

Ишкердик субъекттерине карата укук коргоо органдары жана салык кызматы тарабынан текшерүү жүргүзүүгө 5056 өтүнүч келип түшүп, 185 учурда прокурорлор тарабынан өтүнүчтөрдү каттоодон баш тартылган-деди Башкы прокурор.