Талас облусунун прокурору Бизнес-омбудсменге прокуратура органдарынын ишкердик субъектердин укуктарын коргоодогу чаралар жөнүндө айтып берди
2021-жылдын 19-мартында Талас облусунун прокурору Гулмира Кашкарованын Кыргыз Республикасынын Бизнес-омбудсмени Робин Орд-Смит жана анын орун басары Нурлан Мусуралиев менен жолугушуусу болуп өттү.
Маалым болгондой, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан мамлекеттин ишкердик субъекттеринин экономикалык ишине негизсиз кийлигишүүсүн болтурбоо, ошондой эле инвесторлордун ишенимин жогорулатуу максатында 2021-жылдын 29-январында «Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө» №3 жана 2021-жылдын 4-мартында «Ишкердик субъекттерин коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө» №61 Жарлыктарына кол коюлган.
Жолугушуу учурунда тараптар прокуратура органдарынын жогорудагы Жарлыктарды аткарууга жана региондогу ишкерлерди коргоо жана бузулган укуктарын калыбына келтирүүгө байланыштуу чаралар талкууланып, көзөмөл органынын көңүлүн бул багытта алдын ала иштерди жүргүзүүгө буруу өзгөчө мааниге ээ экендиги белгиленди.
Ошондой эле, облустун прокурору тарабынан бизнестин өкүлдөрүнүн ар бир кайрылуусу көзөмөлгө алынып, анын жыйынтыгы боюнча мыйзамдын талабына ылайык чечимдер кабыл алынып келгендигине Бизнес-омбудсмендин көңүлү бурулду.
Жолугушуунун жыйынтыгында, облустун прокурору Кыргыз Республикасынын Бизнес-омбудсмени өлкөбүздөгү инвестициялык климаттын жакшыртуусуна багытталган ишинин өзгөчө маанилүүлүгүн белгилеп, облустук прокуратура органы мындан ары да бул институт менен кызматташуусун өнүктүрө тургандыгына ишендирди.