Башкы прокуратуранын жетекчилиги жарандарды кабыл алуу жума сайын жүргүзүлүүдө
Бүгүн, 2021-жылдын 6-майында Башкы прокуратуранын жетекчилиги тарабынан жарандарды кабыл алуу учурунда тергөө жана укук коргоо органдарынын аракеттерине жана аракетсиздигине, соттук териштирүүлөрдүн негизсиз создуктурулуп жаткандыгы жана башка мүнөздөгү талаптар каралды.
Кайрылууларды ыкчам жана кылдаттык менен карап чыгуу максатында, Башкы прокуратуранын башкармалыгынын башчыларынан сырткары, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун прокурорлору катышышты. Ошондой эле, облусттук прокуратуралардын жетекчилери менен онлайн видео байланыш жүргүзүлдү.
Кабыл алуунун жыйынтыгы боюнча тиешелүү бөлүмдөрдүн кызматкерлерине тапшырмалар берилип, аларды аткаруу мөөнөттөрү коюлду.
Белгилеп кетчү жагдай, жарандардын кайрылуулары менен иш алып баруу прокуратура органдарынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.