Кыргыз РеспубликасынынБАШКЫ ПРОКУРАТУРАСЫ

Прокуратура: Ош шаарынын Монуев көчөсүндөгү имарат мыйзамсыз курулуп жаткандыгы аныкталды

Ош шаардык прокуратурасы тарабынан, Ош шаарынын Монуев көчөсүндө жайгашкан 13 кабаттуу турак жай комплексин, жер астындагы автопаркингдери жана соода-коммерциялык обьекттери менен долбоорлоого берилген уруксат документтери каралып, текшерүүгө алынды.

Текшерүүнүн жыйынтыгында, аталган имарат бир катар нормалар эске алынбай, толугу менен мыйзамсыз курулгандыгы аныкталды.

Бул факты боюнча Ош шаардык прокуратурасы тарабынан, Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын жооптуу кызматкерлерине карата Кылмыш-Жаза кодексинин 337-беренеси менен кылмыш иш козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.