Токтогул райондук прокуратурасы 1 млн. сомдон ашуун бааланган жер тилкелерин мамлекетке кайтарды
Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук прокуратурасы тарабынан аталган райондун Жаңы-Жол айыл өкмөтүндө Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин жана «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын талаптарынын аткарылышына текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүдө, Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-мартындагы жана 7-апрелиндеги чечимдери менен айыл чарба багытындагы сугат айдоо жерлеринен А.К., Ж.С. аттуу жарандардын ар бирине 0,30 га жер тилкеден менчиктерине берилгендиги аныкталган.
Жогорудагы чечимдердин негизинде «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Токтогул райондук бөлүмү тарабынан 2015-жылдын 26-февралында жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актылар берилген.
Токтогул райондук прокуратурасы тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн чечимдерин жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Токтогул райондук бөлүмү тарабынан берилген мамлекеттик актыларды жараксыз деп табуу жөнүндө Жалал-Абад облусунун Административдик сотуна доо арыздар келтирилип, соттук кароонун жыйынтыгы менен доо арыздар канаатандырылган.
Райондук прокуратура тарабынан Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысына жогорудагы 1 202 000 сомго бааланган 0,60 га жер аянтын баланска алуу тууралуу талап келтирилип, аталган жер тилкелер айыл өкмөттүн балансына кабыл алынды.